Introducing 

Prezi AI.

Your new presentation assistant.

Refine, enhance, and tailor your content, source relevant images, and edit visuals quicker than ever before.

Loading content…
Loading…
Transcript

МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИК ОРГАНДАРЫ

Tinaeva A.,

Shamyrbekov I., Ernisova K.

I ГЛАВА. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

1.

1. Президент - мамлекет башчысы, жогорку кызмат адамы жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигин жетектейт.

2.Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин сактайт.

3. Президент Конституциянын, адамдын, жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепили.

4. Президент мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт. Мамлекеттик бийликтин биримдигин, мамлекеттик органдардын макулдашылып иштөөсүн жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.

5. Президент мамлекеттин ичинде, эл аралык мамилелерде Кыргыз Республикасынын атынан иш жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын эгемендигин жана чек ара бүтүндүгүн коргоо боюнча чараларды көрөт.

Президент:

1.

1) Министрлер Кабинетинин түзүмүн жана курамын аныктайт;

2) Министрлер Кабинетинин төрагасын, анын орун басарларын жана башка мүчөлөрүн Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындайт;

3) Министрлер Кабинетинин төрагасынын, анын орун басарларынын жана башка мүчөлөрүнүн отставкага кетүү жөнүндө өтүнүчтөрүн жана аларды отставкага кетирүү жөнүндө чечимди кабыл алат;

4) өзүнүн демилгеси, Жогорку Кенештин же Элдик Курултайдын сунушун эске алуу менен, мыйзам чегинде Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн жана аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерин бошотот;

5) аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин дайындайт; аларды кызматынан бошотот;

6) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын дайындайт; аларды кызматынан бошотот;

7) Президенттин Администрациясын түзөт;

8) Коопсуздук кеңешти түзөт жана жетектейт.

9) Мамлекеттик катчыны кызматка дайындайт жана бошотот;

10) балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу Өкүлдү дайындайт жана бошотот.

1. Жогорку Кеңеш – Кыргыз Республикасынын парламенти – жогорку өкүлчүлүктүү, мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук функцияларын жүзөгө ашыруучу орган.

2. Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат жана 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон жана шайлоо укугуна ээ Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

3. Жогорку Кенештин депутатын чакыртып алуу мүмкүнчүлүгү конституциялык мыйзамда каралган тартипте жана учурларда ишке ашат.

4. Жогорку Кеңештин депутаттары фракцияларга жана депуттатык топторго бириге алышат.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ БИЙЛИГИ

Жогорку Кенеш

1. Жогорку Кеңеш:

1) Конституцияда белгиленген тартипте ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет;

2) мыйзамдарды кабыл алат;

3) мыйзамдарга расмий чечмелөө берет;

4) мыйзамда аныкталган тартипте эл аралык келишимдерди ратификациялайт жана денонсациялайт;

5) Кыргыз Республикасынын мамлекетик чек араларын өзгөртүү тууралуу маселелерди карайт;

6) Министрлер Кабинетинин Төрагасын, анын орун басарларын жана Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн дайындоого макулдук берет;

7) республикалык бюджетти бекитет;

8) республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Министрлер Кабинетинин ар жылдык отчетун угат;

9) Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин карайт;

10) мунапыс жөнүндө актыларды чыгарат.

2.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТКАРУУ БИЙЛИГИ

Аткаруучу бийлик.

Өкмөттүн, аткаруу бийлигинин статусу

аны түздөн-түз түзгөн Президент жана Өкмөт жүзөгө ашырат

тапшыруу.

Өкмөттүн курамын Президент Жогорку Кеңештин макулдугу менен, бардык башка аткаруу органдарынын (бажы, салык төлөмдөрү, калкты, кыймылдуу, кыймылсыз мүлктү каттоо, ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилери, инспекторлор, көзөмөлдөөчү органдар ж.б.), анын ичинде, дайындалган жана бошотулган жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары

2.

Президенттин кеңселеринен.

Өкмөт расмий түрдө парламенттин алдында отчет берет, бирок иш жүзүндө Жогорку Кеңеш Өкмөткө ишеним көрсөтпөө укугу жок отчетторду гана уга алат. Ыйгарым укуктарынын чегинде

Президентке, Өкмөт толугу менен отчет берет жана мамлекет башчысы гана көзөмөлдөйт. Премьер-министрдин тышкы саясат жаатындагы ыйгарым укуктары алынып салынат.

Learn more about creating dynamic, engaging presentations with Prezi